super.kg logo

Милициянын кайгуул кызматы: "Дем алыш күндөрү унаа токтотуучу муниципалдык жайлар акысыз"

 

Дем алыш күндөрү унаа токтотуучу муниципалдык жайлар акысыз. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, борбор калаада акы төлөнүүчү муниципалдык унаа токтотуучу бир канча жайлар бар. Алардын ишмердүүлүгү, ар бир унаадан канча акча алынып, канча убакытка токтотуу тууралуу жоболор Бишкек шаардык кеңешинин токтому менен бекитилген. Токтомго ылайык, унаа токтотуучу жайлар дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин токтотулган унаалардан кызмат акы алуу шарттуу.

"Айрым муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын кызматкерлери дем алыш күндөрү да токтотулган унаалардын айдоочуларынан мыйзамсыз акча талап кылып, туура эмес иштерге барып жаткандыгы боюнча шаар тургундарынан көптөгөн кайрылуулар келип түшүүдө. Ал гана эмес өзүн унаа токтотуучу жайдын кызматкеримин деп атаган жарандардын айдоочулар менен пикир келишпестиктер жана чыр-чатак чыккан фактылар кездешет.

Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында милициянын кайгуул кызматкерлери муниципалдык унаа токтотуучу жайларды дем алыш күндөрү текшерүүгө алып, аныкталган фактылар боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүдө",- деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле дем алыш күндөрү муниципалдык унаа токтотуучу жайлардан унаалар үчүн мыйзамсыз акча талап кылынган учурлар же пикир келишпестиктер орун алса, "102" кызматына же 0509 102 122 номуруна кабарласа болору айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: