super.kg logo

Эдил Байсалов: "Эки Жапаровдун ден соолугун тилеңиздер"

 

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровго айтылып жаткан сындар тууралуу анын орун басары Эдил Байсалов пикирин билдирди.

Ал Акылбек Жапаров күнү-түнү иштеп жатканын айтып, "Жапаровдун мамлекетке кызмат кылып жатканы элибиздин бактысы" деп сыпаттаган.

"Акылбек Жапаров боюнча бир жактан сын же ушак угуп калсам, негизинен биринчи реакциям күлкүм келмей болду. Чын. Бул кишини билип-билбей эле апыртып, көптүрүп, көрө албастык кылып, тим эле ич күйүтүн жашыра албагандар толтура эмеспи. Таланттуу, билимдүү жана күнү-түнү иштеген өкмөт башчы - баш вазир Акылбек Жапаровдун азыр мамлекетке кызмат кылып жатканы - бул элибиздин бактысы... Көптү айткым, айтып бергим келет. Азыр туура эмес болуп калат. Алты ай болду кабмин (ред: Министрлер кабинетинин төрагасы) болуп келгенине. Чоң ийгиликтер алдыда. Азыр туугандарыма айтарым жакшылыктан үмүт кылыңыздар, эки Жапаровдун ден соолугун тилеңиздер, бузуку карасанатайларды укпаңыздар. Баары жакшы болот", - деп жазган Байсалов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: