super.kg logo

Өткөн аптада мас абалында 99 айдоочу унаа башкарганы аныкталды

 

Өткөн аптада мас абалында 99 айдоочу унаа башкарганы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы жумада республикада 19 миң 158 жол эрежесин бузуу аныкталды. Алардын ичинен:

- транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашкандыгы үчүн – 3 миң 467;

- транспорт каражаттарын тиешелүү документи жок башкаргандыгы үчүн – 131;

- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 7177;

- транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 26;

- Автоээнбаштык – 4;

- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 812;

- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 157;

- жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 6691;

- айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 77;

- мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 99;

- унаа токтотуучу жайга коюлду – 685.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалы жол кыймылынын бардык катышуучуларына кайрылат. Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: