super.kg logo

Чек ара кызматы "Ак-Тилек", "Чалдыбар" пункттарында жүк ташуучу унаалардын топтолушуна эмне себеп болуп жатканын айтты

 

Бүгүн, 18-апрель саат 11:00гө карата Кыргызстан менен Казакстандын чек ара тилкесиндеги "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунда 300дөн ашуун жүк ташуучу унаа турат. Андан тышкары 25 унаанын айдоочусу документтерин күтүп турушат дешет УКМКнын Чек ара кызматынан.

Аталган мекеменин маалыматы боюнча, учурда "Чалдыбар" пунктунда 70тен ашык жүк ташуучу унаа чек арадан өтүү үчүн кезек күтүүдө.

"Казакстан тараптын транспорт каражаттарын кеч өткөрүп жаткандыгы себептүү жүк ташуучу унаалар чек ара тилкесинде топтолуп калууда. Андан тышкары коңшу өлкө жолду маал-маалы жаап жатат. Алсак 18-апрелде саат 03:30дан саат 07:30га чейин жүк ташуучу унаалар өткөрүлгөн жок. Кыргыз-Казак чек арасынын башка өткөрүү пункттарында унаалардын жана жүргүнчүлөрдүн топтолгону байкалбайт. Кыргызстандын Чек ара кызматы тарабынан көзөмөл өткөрүү пункттарынан өтүүдө чектөөлөр жок", - дешет маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: