super.kg logo

112 миллиондой сомду үнөмдөөгө мүмкүн. Акылбек Жапаров кеңсе кагаздарын пайдаланууну эки эсе кыскартууну тапшырды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын аппараттык кеңешмесинин жүрүшүндө мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Акылбек Жапаров мамлекеттик органдарга кеңсе кагаздарын пайдалануунун көлөмүн эки эсеге кыскартуу жана кеңсе кагазынын эки бетине басып чыгаруу тажрыйбасын киргизүүнү тапшырды. Бул жөнөкөй чара учурдагы керектөөнү 50 пайызга кыскартууга, натыйжада өлкөнүн бюджетин жылына 112 миллион сомго жакын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Акылбек Жапаров биологиялык түрдүүлүктү сактоо жана экологияга келтирилген зыянды азайтуу максатында электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү тездетүү зарылдыгын белгиледи. Анткени 1 тонна кагаз өндүрүү үчүн 17 дарак, 35 миң литр суу, 4 миң кВт электр энергиясы жана 240 тонна отун керектелет, ал эми кагаз өндүрүшүндө көмүртек кычкылы, аммиак, сымап, нитраттар, метанол, бензол, диоксиндер жана башка заттар колдонулат.

Кагаз чиригенде метан бөлүнүп чыгат, бул парник эффектин 25 эсеге көбөйтөт, бул дагы глобалдык ысып кетүүгө таасирин тийгизет.

Финансы министрлигине мамлекеттик органдардын кеңсе кагаздарын сатып алууга чыгымдар беренесин каржылоону кыскартуу тапшырылды.

Мамлекеттик үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун жетекчилигине мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдардын өзгөрүшүнө байланыштуу сатып алуулардын жол-жобосун иштеп чыгуу жана документти Финансы министрлиги менен макулдашуу тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: