super.kg logo

Украинадагы аскердик кагылышта дагы бир кыргыз жигити каза болгону айтылды

 

Украинадагы аскердик кагылышта дагы бир кыргыз жигити каза болду. Ал Ош облусунун Кара-Дыйкан айылында жарык дүйнөгө келген. Бул тууралуу Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы Аватбек Жолоевге байланышканыбызда билдирди.

Анын айтымында, маркумдун туугандары сөөктү жерге берүү үчүн күтүп жатышат.

"Ал Жазы айыл өкмөтүнүн Кара-Дыйкан айылында 2002-жылы туулган. Айылда орто мектепти аяктаган. Андан кийин Орусияга иштегени кетип, ал жактын жарандыгын алган. 2021-жылы армияга чакырылган. 5-апрелде Луганскта каза болуптур. Сөөгү келе элек. Качан келери дагы белгисиз", - деп билдирди Жолоев.

Эске салсак, март айында Украинадагы аскердик кагылышта 20 жаштагы кыргыз улутундагы Эгемберди Дорбоев аттуу Орусиянын жараны каза болгону кабарланган. 24-мартта Эгемберди Дорбоевдин сөөгү Кыргызстанга алып келинген. Маркумдун сөөгү Канттагы авиабазадан Кара-Ой айылына жеткирилип, аны Орусиянын аскер кызматкерлери коштоп барышкан.

Украинадагы салгылашта Рустам Зарифулин аттуу дагы бир кыргызстандык жигит каза болгон. Маркумдун сөөгү Кара-Балта шаарында жерге берилген.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: