super.kg logo

Кыргыз-Түрк соода-экономикалык маселелери талкууланды

 

Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын соода министри Мехмет Муш менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык чөйрөдө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары соода-экономикалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын (ӨАК) 10-отурумунун иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшүн жана 2022-жылы күзүндө Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-отурумун өткөрүү маселелери талкууланды.
"Элчи Өмүралиев Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жана Европа Биримдигинин ЖСП+ (Жалпы преференциялар системасы) жана башка программалары тууралуу маалымат берди.
Кыргыз Республикасынан Түркияга товарларды ташып келүүдө бажы алымдарынын жогору экендигин эске алуу менен элчи Кыргызстандын продукциясын, анын ичинде бал, буурчак, эт жана башка Түркияга экспорттоодо тарифтик ставкаларды төмөндөтүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: