super.kg logo

Сак болуңуздар! Улуттук банк валюта рыногунда жасалма доллар көбөйгөнүн эскертти

 

Кыргызстандын валюта рыногунда АКШ долларынын жасалма банкнотторун табуу фактылары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу Улуттук банк калкты валюта алмаштыруу операцияларын жүргүзүүдө этият болууга чакырат.

Мекемеден билдиришкендей, нак чет өлкө валютасынын аныктыгын тастыктоо үчүн коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун кызматкерлеринен аны валюталык детектордон текшерүүнү талап кылуу зарыл.

Валюта алмаштыруу жайларына барганда Улуттук банктын лицензиясынын бар экендигине көңүл буруу керек. Лицензия жана алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү тууралуу катынын түп нускасы көрүнөө жерге илинүүгө тийиш.

Чет өлкө валютасынын шектүү банкнотторуна экспертиза Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы тарабынан жүргүзүлөт.

"Ошондой эле чет элкө валютасынын шектүү банкнотторун сатууга да жол берилбей тургандыгын эскерте кетмекчибиз, анткени жасалма банкнотторду даярдоо гана эмес, жайылтуу да Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келет", - деп билдиришти мекемеден.

Чет элкө валютасынын банкнотторунун жасалма экендиги аныкталган учурда ИИМдин жакынкы райондук бөлүмүнө кайрылуу керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: