super.kg logo

Кыргызстан мурда каршы болгон лабораторияны куруу боюнча Орусия менен сүйлөшүү жүргүздү

 

Кыргызстан менен Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрликтери кызматташуу боюнча макулдашты. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонддорунун адистеринин биргелешкен консультациялары, эмгек мигранттарынын иштебеген үй-бүлө мүчөлөрүнө милдеттүү медициналык камсыздандыруунун эсебинен медициналык тейлөөнү уюштуруу, ошондой эле эмдөө жүргүзүү маселеси талкууланды.

Тараптар ошондой эле Кыргызстанда BSL3 биологиялык лабораториясын түзүү боюнча пикир алышты. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы бул долбоорду ишке ашырууга каршы болгон. Жолугушуунун жыйынтыгында өлкөнүн Кыргызстан менен Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрликтери саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууга макулдашты. Анын ичинде медициналык, илимий жана билим берүү уюмдарынын ортосундагы түз байланыштарды кеңейтүү бар.

Ошондой эле эл аралык өнүгүүгө көмөктөшүү боюнча орусиялык демилгелердин алкагында биргелешкен изилдөө, жугуштуу оорулардын алдын алуу жана ага жооп берүү маселелери боюнча кызматташууну улантуу чечими кабылданды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: