super.kg logo

Ошто суициддин алдын алуу боюнча жетишерлик иш алып барбаган жетекчилер тартиптик жоопкерчиликке тартылды

 

Ошто суициддин алдын алуу боюнча жетишерлик иш алып барбаганы үчүн бир катар жетекчилер тартиптик жоопкерчиликке тартылды. Бул туурасында бүгүн, 19-апрелде Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, билим берүү тармагынын жетекчилери, мектеп директорлору жана бала бакчалардын жетекчилери, мектептердеги ата-энелер комитеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда балдар маселелери боюнча жыйын өттү.

Анда үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо маселелери, жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы суицидге каршы күрөшүү жана алдын алуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдардын ишинин жыйынтыктары каралды.

Жыйындын алкагында суициддин алдын алуу боюнча жетиштүү иш алып барбагандыгы үчүн "Курманжан-Датка" муниципалдык аймагынын башкармалыктын башчысына эскертүү, "Манас-Ата" муниципалдык башкармалыктын жетекчисине сөгүш берилди. Шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан Карл Маркс мектебинин директоруна да сөгүш жарыяланды.

Ошондой эле Ош шаарынын прокуратурасы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган балдарды коргоо боюнча тиешелүү органдар тарабынан комплекстүү чаралар көрүлбөгөндүгүн, мыйзамдуулукту сактабай кайдыгер карагандыгы үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын (Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын бир катар тергөөчүлөрү, шаардык үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмү) жоопкерчилигин кароону сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: