super.kg logo

Өлкөдө акча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине убактылуу өзгөртүүлөр киргизилди

 

Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөм системалары штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтына жарыяланды.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу максатында, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине өзгөртүүлөрдү кабыл алды.

згөртүүлөр убактылуу мүнөзгө ээ жана Кыргыз Республикасынын аймагына эл аралык акча которуу системасы боюнча которулган акчанын валютасына карата талаптарды белгилейт. Акча которууну жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында алса болот. Которулган акчаны башка валютага конвертациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Которулган акчаны алып /жөнөтүп жаткан учурда ал Кыргыз Республикасынын аймагында турган алуучунун/жөнөтүүчүнүн макулдугу менен нак эмес ыкма менен конвертацияланышы мүмкүн", - деп жзылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: