super.kg logo

Бишкекте уруксаты жок дары-дармек саткан 30 дарыкана аныкталды

 
Бишкекте уруксаты жок дары-дармек саткан 30 дарыкана аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги менен Дары-дармек каражаттары жана медициналык техника департаменти биргеликте дары-дармек каражаттарын жүгүртүү маселелери боюнча, ошондой эле дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз сатууга бөгөт коюу максатында 2022-жылдын 4-апрелинен 10-майына чейин дарыканаларга, дарыкана пункттарына карата лицензиялык контролдоо иш-чараларын жүргүзүүдө.
Бул иш-чаралардын объективдүүлүгүн жана комплекстүүлүгүн камсыз кылуу максатында Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен атайын комиссия түзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарында уруксаты жок дары-дармек саткан 30 дарыкана аныкталды.
Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү жана лицензиялоо эрежелеринин талаптарын бузуу менен фармацевтикалык ишти жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактарга карата колдонуудагы мыйзамдардын чегинде чаралар көрүлөт.
Мындай текшерүүлөр республиканын башка аймактарында да жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: