Чүйдө ондогон тургундар жол тосушту
Чүйдө ондогон тургундар жолду тосуп алышып, бийликке талаптарын жеткирүүнү көздөп жатышканы тууралуу айрым басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, Чүйдүн Ленин, Кайырма жана Молдовановка айылдарынын тургундары Алма-Ата көчөсүн тосушкан. Алардын айылдарына тиешелүү жерлерди мыйзамсыз басып алууга мыйзамдаштырып берүүгө каршылыгын билдиришүүдө.
Жөн кайрылууга бийлик реакция кылбагандыктан жол тосууга мажбур болушканын айтышкан.
Жол тоскондор тууралуу Чүйдүн милициясына байланышканыбызда аларда маалымат жоктугун айтышты.
“Азыр эч нерсе дей албайбыз, маалымат такталып жатат”, - деди Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.