super.kg logo

Руслан Казакбаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды

 

Бүгүн, 19-апрелде тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтыгынын учурдагы күн тартибин талкуулап, бардык деңгээлдеги кыргыз-түрк саясий диалогунун учурдагы жогорку деңгээлин белгилешти, жакынкы келечекте өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилешип, алдыдагы иш-чаралардын жана пландаштырылган бийик жана жогорку деңгээлдеги иш сапарлардын графигин карап чыгышты.

Министр Казакбаев эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүүгө, долбоорлорду ишке ашырууга, эки өлкөнү кызыктырган инвестициялык фондду түзүү жана кыргыз-түрк өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги Соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын (IGC) жыйынын өткөрүү маселесине маектешинин көңүлүн бурду.

Мындан тышкары, министр Түрк мамлекеттер уюмунун жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясында (ТүркПА) кызматташтыкты өнүктүрүү алкагында Тараптардын ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантууга маани берүү менен кыргыз тарап жүргүзүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: