Айыл чарба министрлиги Чүйдө өсүмдүктөргө зыян келтирип жаткан курттар боюнча билдирүү таратты

Маалыматка ылайык, аталган коңуздар айыл чарбасынын зыянкечи болуп саналбайт, бирок ар бир 12-14 жылда аталган коңуздардын массалык чыгуулары жана өсүмдүктөрдү жабыркатуу учурлары катталат.
"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери Чүйдө массалык түрдө чыгып, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирип жаткан курттардын видеолорун изилдеп чыккан. Натыйжада катуу канаттуулар (коңуздар) түркүмүнө кирген чернотелка коңузу экени аныкталган.
Ошондой эле департаментен айыл чарба өсүмдүктөрү эгилген аянтта аталган коңуздун массалык чыгуусу жана өсүмдүктөрдү жабыркатуусу катталса - пиретриоддер классындагы (Талстар, Каратэ, Фастак, Суми-альфа, Децис жана башка) инсектициддерди колдонууну сунуштайт", - деп билдиришти министрликтен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.