super.kg logo

Бакай-Ата райондук сотунун судьясы пара алуу фактысы менен кармалды

 

Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунун судьясы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан райондук соттун судьясы тарабынан 25 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы аныкталды.

Аталган судья Т.Б.Ш. жабырлануучудан мурда 5 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык алып, кийин 2022-жылдын март айында сот отурумунун катчысы аркылуу белгиленген сумманын бир бөлүгү 10 миң сом өлчөмүндө каражатын айдоо жерлерин бөлүштүрүү боюнча каралып жаткан жарандык иш боюнча оң чечим чыгаруу үчүн алганы аныкталган.

Аталган факты Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "опузалап пара алуу" боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: