Бишкекте жол тандабас менен жеңил унаа сүзүшүп, бир адам жаракат алды
Бишкекте эки унаа сүзүшүп, бир адам жаракат алды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-апрелде болжол менен саат 09:00 чамасында Ауди С4 үлгүсүндөгү унаа Баба-Ата көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып, Иманкулов көчөсүнүн кесилишинен БМВ Х7 унаасы менен сүзүшкөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен Ауди С4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жабыркаган. Азыркы учурда унаалардын айдоочуларынын аты-жөнү аныкталып, жол кырсыгы катталган жерде милициянын кайгуул кызматкерлери иш алып барышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.