super.kg logo

"Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери коопсуздукка чакырган флешмоб өткөрүштү

 

"Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери флешмоб өткөрүшүп, айдоочуларга чакырык таштады. Аталган муниципалдык мекемеден билдиришкендей, флешмоб коопсуздук үчүн уюштурулду.

"Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, борбордо абанын температурасы төмөндөп, жамгыр жаашы күтүлөт. Жамгыр дарак бутактарынын салмагына таасирин тийгизет. Ушундан улам Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жол кырсыктарына кабылбоо үчүн жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бактардын жана жеңил объекттердин жанына токтотпоону өтүнөт", - дешет.

Бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болгон шаар тургундары "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын 0312326233, 0504210600 номерлерине жана борбор калаанын мэриясынын 1840 жана 1850 чалуу борборуна кабарлап койсо болот.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: