Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушту










Бүгүн, 20-апрелде Баку шаарындагы "Загулба" президенттик сарайында Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду.
Резиденциянын алдындагы аянтка Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинип, өз ара саламдашуудан соң мамлекет башчылары ардак кароолдун ротасынын катарынын алдынан өтүштү.
Эки өлкөнүн гимндери жаңыргандан кийин Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты, андан соң ардак кароолдун ротасынын салтанаттуу маршы болду.
Расмий жолугушуу аземи аяктаган соң өлкө лидерлери тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөргө багыт алышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.