super.kg logo

Ак таңдай акын, көп кырдуу талант ээси Элмирбек Иманалиев акка моюн сунганына туптуура 2 жыл болду

 
Бүгүн, 20-апрель Кыргыз Республикасынын Эл артисти, актаңдай төкмө акын, обончу, дастанчы, манасчы Элмирбек Иманалиев акка моюн сунган күн. Ал көзү тирүү болгондо быйыл 44 жашка толмок.
Заманыбыздын залкары 1978-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Мектепти бүткөндөн кийин Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студиядан окуп, андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүн бүтүрүп, жогорку билимге ээ болгон.
Элмирбек Иманалиевдин төкмөлүк өнөргө болгон кызыгуусу мектеп жашынан эле башталган. Алгач 6-класста окуп жүргөн кезинде колуна комуз алып, калың элдин алдына ырдап чыккан. Элмирбектин таланты тууралуу кабар белгилүү төкмө акын Тууганбай Абдиевге жетип, жаш өнөрпозду борборго алдырган.
Эмгек жолун чыгармачыл өспүрүмдөрдүн республикалык "Сейтек" борборунда иштөөдөн баштаган. Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. Төкмө акындардын мектебине айланган республикалык "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана аталган фонддо 5 жыл төрагалык кызмат аткарган. Иманалиев көп өнөрдү аркалагандардын бири болчу. Өмүрү өткөнгө чейин "Айтыш" коомдук фондунун акындар мектебинин устаты болгон.
Ырчы, обончу катары "Булбулум", "Аруузатым", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы", "Мунарым", "Балкыма" аттуу чыгармалары менен белгилүү болуп, элдин сүймөнчүгүнө айланган.
Булардан сырткары, Манас баштаган жана башка дастандарды айтып, бир катар эл сүйүп уккан обондорду жараткан.
Элмирбек Иманалиев 1993-жылдан бери бир канча ирет айтыш боюнча республикалык жана эл аралык фестивалдардын баш байге ээси. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алган.
Ак таңдай акын 1994-жылы маркум ырчы Гүлбү Ороскул кызына жолугуп, 1995-жылы үйлөнөт. Тилекке каршы, чыгармачылык табыштырган жубайлар 2 кыздуу болуп эки ажырым жолго түшкөн. Кийин ал турмуш жолун Нурзат аттуу айымга байлап, 2 уул жана 1 кызды тарбиялашкан.
Элмирбек Иманалиев 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында дүйнөдөн кайткан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: