super.kg logo

Алмазбек Атамбаев абактагы шарттар жакшырганын айтты

 

Бүгүн, 20-апрелде Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум өтүп жатат.

Сотко мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы алып келинди. Анда ал журналисттерге абактагы шарттар жакшы экенин айтты.

"Мен тамашасы жок эле айтам, мага бардык абактагы камакта отургандар, кызматкерлер жакшы мамиле кылышат. Чынын айтсам жакшы тосуп алышат. 23-марттагыдай мага кээде жасалып жаткан мыйзамсыздыктар, карапайым кызматкерлерден болгон эмес. Бул кимдир бирөөлөрдүн буйругу. Бирок мен дагы өжөр адаммын. Бир күнү камактан чыгып, тез сакайып кетем. Бардыгы жакшы болот", - деди Атамбаев.

Ошондой эле Атамбаев Садыр Жапаровдун тушунда абактагы шарттар жакшырганын айтты.

"УКМКнын СИЗОсунда дайыма жалгыз отургам. Сокенин тушунда (ред. Сооронбай Жээнбеков) радио, сыналгы жок болчу. Жадакалса жалгыз сейилдөөгө чыкчумун. Албетте, Садырдын тушунда жакшы. Ошондуктан 9-октябрда чыкканыбызга кубанычтамын. Максатыбыз Сокенин кетиши эле”, - деди Атамбаев.

18-апрелде абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Молдовановка айылында жайгашкан түзөтүү колониясына которулган.

23-мартта Алмазбек Атамбаевди суукта ич кийимчен күч менен сотко алып келгендигин анын жактоочусу Замир Жоошев билдирген. Өз кезегинде Жазаларды аткаруу кызматы Алмазбек Атамбаевге карата күч колдонуу мүмкүн эместигин билдирген. Бирок 25-мартта Кыйноолордун алдын алуу борбору Алмазбек Атамбаевдин колдорунан жана буттарынан көк ала тактар табылганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: