super.kg logo

Казакстанда январдагы баш аламандыкта сабалган Чолпонбек Сыдыковду коңшу тарап жактоочу менен камсыз кылат

 

Казакстанда январь айынын башында орун алган баш аламандыкта сабалган Чолпонбек Сыдыковду коңшу өлкөнүн Кыйноолорго каршы коалициясы жактоочу менен камсыз кылат. Бул туурасында Кыргызстандын Кыйноолорго каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, Алматыдагы массалык баш аламандыкта кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков аёосуз сабалган. Казакстандагы процесстерде анын кызыкчылыгын коргогонго жактоочу бергенге коңшу өлкөнүн Кыйноолорго каршы күрөшүү кызматы даяр. Ошондой эле жактоочу бул факты боюнча жүргүзүлгөн иштерге мониторинг жүргүзөт.

"Ал эми Кыргызстанда Чолпонбек Сыдыковдун кызыкчылыгын жергиликтүү Кыйноолорго каршы күрөшүү кызматынын жактоочусу коргойт. Бүгүнкү күндө комплекстүү соттук-психология-психиатриялык жана соттук-медициналык экспертиза жасоо жана комиссиянын мүчөлөрү аныкталган. Болгону экспертиза жүргүзүүнүн датасы белгилене элек.

Андан тышкары Сыдыковду "Кыйноолордун курмандыгы болгондор үчүн реабилитациялык борборго" которуу маселеси чечилди", - дешет мекемеден.

Окуянын чоо-жайы:

Чолпонбек Сыдыков 8-январда Жамбыл облусунда кармалып, укук коргоочулар тарабынан сабалган. Андан кийин ал 1 сутка бою полиция департаментинде кармалып, кыйноого алынган. Анын кесептинен Сыдыков 2 бутунан сынык алган.

20-январда Чолпонбек Сыдыков "Ак-жол" көзөмөл-өткөрмө пунктуна чейин жеткирилип, андан кийин медицина кызматкерлери тосуп алып, "Тез жардам" кызматы менен Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келишкен.

Ага дарыгерлер алдын ала диагноз коюшканын, бейтап жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкан. Ал эми өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Чолпонбек Сыдыковдун сабалышы боюнча коңшу Казакстанга нота жиберген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: