super.kg logo

Кыргызстан менен Казакстан товарлардын эркин өтүүсүн камсыздоо боюнча бир катар чараларды көрүүнү макулдашты

 

Кыргызстан менен Казакстан товарлардын эркин өтүүсүн камсыздоо боюнча бир катар чараларды көрүүнү макулдашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул чаралар Казакстан менен чек арадагы жүк ташуучу автоунаалардын кезегин азайтышы керек.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Казакстан электрондук эсеп-фактуралар жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) башка өлкөлөрүнө товарлардын транзити болгон учурда текшерүү жана көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзбөөгө макул болду. Кыргыз тарап болсо жүк ташуучу автоунааларды электрондук документи жок жолго чыгарбоого милдеттеме алды.

Электрондук эсеп-фактураларда декларацияланбаган товарлар табылса, Казакстан жүк ташуучу автоунааларды артка кайтарат. Ал эми декларацияланбаган товарларды идентификациялоо автоунааларды ачпастан текшерип кароо комплексинин жардамы менен жүргүзүлөт.

Тараптар WhatsApp тобун түзүп, кайтарылган жүк ташуучу автоунаалар тууралуу маалымат бөлүшүп, кайра кайтаруунун себептерин талкуулап турууну макулдашты. Топко Кыргызстандын Салык кызматынын жана Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин жетекчилери кирмекчи.

Мындан сырткары Кыргызстан менен Казакстан жакынкы күндөрү өткөрмө пунктnардагы машинелердин тыгынын жоюу максатында чек ара кызматтарынын ишин күчөтүүнү макулдашты.

Тыгын маселеси Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлүп, ал чечилмейинче, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) байланыштуу мыйзам долбоорлорун парламентте карабай туруу демилгеси айтылды.

Бүгүн, 20-апрелде "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайында 180 жүк ташуучу унаа кезек күтүп турганы айтылган.

ЕАЭБ уюму ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган. Ага Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Армения жана Беларусь өлкөлөрү мүчө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: