super.kg logo

MBANK тиркемеси Кыргызстандагы эң популярдуу мобилдик банкинг аталды

 

MBANK тиркемеси Kaktus.media сайтынын "Кыргызстанда кайсы мобилдик банкинг популярдуу?" аттуу сурамжылоосу боюнча Кыргызстандагы эң популярдуу мобилдик банкинг аталды. Ага мобилдик тиркемеси бар 16 банк катышкан. Анда Google Play жана AppStore'дон эң көп көчүрүлгөн банкинг эсептелген.

КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы кардарларга смартфон аркылуу акчасынын эсебин ар дайым билип туруу, 1000ден ашуун кызматтарды тиркеме аркылуу төлөө, акча которуу жана башка кызматтарды аткаруу үчүн жөнөкөй жана ыңгайлуу сервисти сунуштайт.

MBANK тиркемесинин өзгөчөлүктөрү:

1000ден ашуун кызматтарды смартфон аркылуу төлөө: Кыргызстанда жана КМШ өлкөлөрүндө коммуналдык жана мобилдик байланыш, интернет-провайдер, телевидение, салык, мамлекеттик кызматтар үчүн төлөмдөрдү ишке ашыруу;

Электрондук капчык, социалдык тармактар, кайрымдуулук, битир-садака төлөө;

Башка банктардын карталарын толуктоо, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстандын банктарынын карталарын толуктоо. Такси кызматын, дүкөн, интернет-дүкөн, дарыкана, май куюучу жайга, мектепке, онлайн оюндар, насыяларды төлөө жана башка кызматтар үчүн төлөмдөрдү ишке ашыруу;

MBANK тиркемесинин ар бир колдонуучусунун өзүнүн QR-коду бар. Анын жардамы менен тиркемедеги өз капчыгына кесиптештеринин, досторунун акча которууларын кабыл ала алат. Ошондой эле QR-код аркылуу товарларды жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүү оңой жана ыңгайлуу. QR-кодду смартфондун камерасы же Галереядагы сүрөтү менен сканерлөөгө болот.

Мындан тышкары эсеп көчүрмөсүн алып, чыгашаларды көзөмөлдөөгө болот. МАИнин айып пулдарын текшерүү, жаңы айыптар тууралуу билдирүүлөрдү алуу, эреже бузуулардын чоо-жайын жана сүрөттөрүн көрүү жана айыптарды арзандатуу менен төлөө кызматтары жеткиликтүү.

MBANK тиркемесинен эле доллардын, евронун, рублдун учурдагы курсу менен тааныша аласыз. Аталган тиркеменин бардык жеткиликтүү кызматтарын файлды шилтеме аркылуу көчүрүп көрө аласыз.

Баса белгилей кетүүчү жагдай, мобилдик банкинг аркылуу банктын кеңсесине барбай туруп акча которуу кызматтарын жүргүзүүгө болот. Ошондой эле Сбербанк Онлайн аркылуу Россиядан акча которууларды кабыл алуу, Орусиянын Сбербанк картасын картанын номери же телефон номер аркылуу толуктоо мүмкүн;

Россиялык МИР банктарынын карталарын номери аркылуу толуктоо, тиркеменин колдонуучулары бири-биринин карталарын толуктап же акча которо алышат.

MBANK мобилдик банкинг аркылуу эч кандай документи, күрөө жана күбөлөрсүз онлайн-насыя алууга да болот. Үйдөн чыкпай туруп 36 айлык мөөнөт менен 100 000 сомго чейин насыя алсаңыз болот.

MBANK'ты терминал аркылуу жана электрондук капчыктар - MegaPay 24, Umai, "Элкарт", "Оной", Balance, Quickpay, "Мой О!", MegaPay аркылуу комиссиясы жок толуктай аласыз жана акча каражатыңыздын коопсуз сакталышынан кам санабай эле койсоңуз болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: