super.kg logo

Жалал-Абад шаарында 900 чарчы метр жер аянты муниципалдык менчикке кайтарылды

 

Жалал-Абад шаарында 900 чарчы метр жер аянты муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борборунан билдиришти.

Ага ылайык, Спутник кичи районундагы "Нооруз" сейил бактын жанынан 2003-жылы Акжол Бегалиев аттуу жаранга 86 сотых жер аянты 49 жылдык мөөнөт менен скважина куруу жана сууда сүзүү үчүн бассейн курууга ижарага берилген. Тилекке каршы, аталган жаран 86 сотых жерге дагы 9 сотых муниципалдык жер аянтын кошуп алып пайдаланып келген.

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Элдос Таев аталган жай тийиштүү мекеме-ишканалардын иш-аракетинин арты менен аныкталып, жерди тосмолор менен тосуу иши жүрүп жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз берилип кеткен жана басып алынган жерлерди тактоо, кайрадан муниципалдык менчикке кайтаруу иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: