super.kg logo

Жылнаама. 28-ноябрь: 2007-жылы президент Курманбек Бакиев Алмазбек Атамбаевге “Данакер” орденин ыйгарган

 

*28-ноябрь, 1820-жылы Ойчул Фридрих Энгельс төрөлгөн. Ал өзүнүн белгилүү досу Карл Маркс менен биргеликте "Коммунисттик партиянын манифести" аттуу эмгекти жазышкан.

*28-ноябрь, 1939-жылы Жеймс Нейсмит каза тапкан. Ал АКШда окуу жайлардын биринде дене тарбиядан сабак берчү. Кышында студенттерди сыртка чыгарбастан спорттук залдын ичинде топтун жардамы менен ойнотуу үчүн баскетбол оюнун ойлоп тапкан.

*28-ноябрь, 1943-жылы Союздук мамлекеттердин өлкө башчыларынын (СССР – И.Сталин, АКШ – Ф.Рузвельт жана Улуу Британия – У.Черчилль) Тегеран конференциясы башталган.

Бул конференция нейтралдуу аймакта өтүүшү керек болгон. Ал үчүн Тегерандан сырткары Каир, Стамбул жана Багдад сунушталган. Бирок Сталин учак менен учууга караманча каршы болуп, Тегеранга токтолгон. Ошентип Сталин конференцияга катышуу үчүн 22-ноябрда поезд менен жолго чыккан.

*2005-жылы 28-ноябрда Казакстандын күч органдары Алматы базарында соода кылган кыргыз жарандарын өлкө тышына себепсиз чыгара баштаган. Кыргыз-казак чек арасына алынып келген кыргызстандык атуулдар 28-ноябрда Өкмөт үйүнүн алдына топтолуп, митинг өткөрүшкөн. Премьер-министр Феликс Кулов «депортациялоонун» себебин түшүндүрүүнү өтүнүп, Казакстан өкмөтүнө кайрылуу жолдогон.

Маалыматтарга караганда, Казакстан бийлиги 4-декабрда күтүлүп жаткан президенттик шайлоого утурлай, “жаңжалдуу коңшудан экспорттолчу төңкөрүш таасиринен коргонуу максатында” кыргызстандыктарды мамлекет тышына чыгарган.

*2007-жылы 28-ноябрда президент Курманбек Бакиев кызматынан кетип жаткан өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевге “Данакер” орденин берип, аны “жоопкерчиликтүү оппозициянын үлгүсү боло алды” деген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: