super.kg logo

"Мэриядан суранат элек". Окурман Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн унаа токтотуучу жайын тосуп алгандар көбөйгөнүн айтты (фото)

 

Бишкек шаарында акыркы күндөрү көп кабаттуу үйлөрдүн унаа токтотуучу жерлерин өзүм билемдик менен тосуп алгандар көбөйүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын жашоочусу билдирди.

Мен Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги №65 үйдө жашайм. Биздин үйдүн жанында бир нече унаа токтотуучу жайлар бар, бирок бардык эле жашоочуларга унаа токтотууга орун жетишсиз. Акыркы убакта айрым жашоочулар унаа токтотуучу жайларга тосмолорду орнотуп башташты. Мындан улам башка көптөгөн айдоочулар унаасын токтото турган жери жок.

Бул жерлер коомдук жер болгондуктан эч кимдин менчиктештирүүгө укугу жок да. Буга мэрия реакция кылып, тосмолордун алып салышын каалайт элек. Анткени бардык райондордо, Бишкектин бардык көп кабаттуу үйлөрүндө ушундай жерлерди менчик катары көрүп, тосуп алган акылдуулар бар.

Биз мэриядан атайын ушул боюнча рейд уюштурууну суранат элек", - деди жергиликтүү жашоочу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: