Азия чемпиондугу: Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы финалда буга чейин жеңген балбандары менен кез келет
Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалына чыккан Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова финалда ушул эле чемпионатта жеңген балбандар менен кез келет.
Азия чемпиондугуна 76 килограмм салмакта катышкан Айпери Медет кызы финалда япониялык Юко Кагами аттуу балбан кыз менен кез келет. Бул эки балбан ушул эле Азия чемпиондугунда кез келип, Айпери Медет кызы 7:3 эсебинде жеңип алган.
68 килограмм салмакта катышып жаткан Мээрим Жуманазарова финалда казакстандык Мадина Бакбергенова аттуу балбан кыз менен кез келет. Мээрим Жуманазарова дагы ушул эле Азия чемпиондугундагы алгачкы беттешинде казакстандык балбанды 5:0 эсебинде жеңген.
Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.