super.kg logo

Баткенде журналисттин өлүмүнө шектелген блогердин баш коргоо чарасы узартылды

 

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу козголгон иштин алкагында камакка алынган блогер Батмакан Жолболдуеванын баш коргоо чарасы узартылды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, блогер 26-майга чейин камакта калтырылды.

Маалымат үчүн:

Журналист Арзыгүл Галымбетова 37 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Анын өлүмү боюнча Баткен облусунун телеканалы укук коргоо органдарына кайрылып, иликтеп берүү өтүнүчүн келтирген.

Журналист Арзыгүл Галымбетова каза болордон 2 күн мурда милицияга кайрылып, аброюна шек келтирди деген блогердин үстүнөн арыз жазган. Андан кийин 33 жаштагы блогер кармалып, бир айга камакта калтырылган. Кийинчерээк шектүү Батмакан Жолболдуева өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып, кан тамырын кескен.

Бүгүн, 21-апрелде Ош шаардык сотунда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып жатканы маалым болгон. Ошондой эле Батмакан Жолболдуеванын үстүнөн 4 берене боюнча кылмыш изи козголгон.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: