super.kg logo

Бишкекте кичи футбол боюнча турнир өтөт. Ага Садыр Жапаров дагы катышат

 

Бишкекте Кыргыз футбол союзу жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган "Мурас" футболдук турнири өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Ага ылайык, турнир 4-5-майда өтүп, чемпиондук наам үчүн 12 команда ат салышат. Алар:

  • Президент Жапаров башында турган “Президенттин администрациясы” командасы;
  • Маданият ишмерлери “Өнөр” командасы;
  • Бизнестин өкүлдөрү – "Бизнес” командасы;
  • ЖМК өкүлдөрү – “Журналисттер” командасы;
  • Ата-мекендик футболдун ардагерлери – “Алга” командасы;
  • Спорттук федерациялардын жетекчилери – “Спорттук федерациялар” командасы;
  • Парламенттин депутаттары – “Жогорку Кеңеш” командасы;
  • Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери, район акимдери – “Аймактар” командасы;
  • Дин өкүлдөрү – “Ыйман” командасы;
  • Чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери – “Элчилер” командасы;
  • Ооруканалардын жетекчилери жана башкы дарыгерлери – “Ден соолук” командасы;
  • ЖОЖ ректорлору жана мектеп директорлору – “Билим” командалары катышат.

Буга чейин ата мекендик футболдун 100 жылдыгына арналган турнирде президент Жапаров бул спорттук иш-чара салттуу түрдө жылына эки жолу кышкы/жайкы турнир катары өтүп турарын жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: