Орусия өлкөдөгү муктаж үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү максатында ун жана май берди
Бишкекте эртең, 22-апрелде Орусиядан берилген азык-түлүктү тапшыруу аземи болот. Бул тууралуу Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
Элчиликтин маалыматында 135 тонна байытылган буудай уну жана 60 тоннадан ашык байытылган күн карама майы берилери айтылат.
Азык-түлүк муктаж үй-бүлөлөргө таратылат. Ушундай эле акция 20-апрелде Ош шаарында болуп, 675 тонна ун, 60 тонна май тапшырылган.
Аталган долбоор Орусиянын 2020-2021-жылдарга БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына ыктыярдуу түрдө бөлгөн 9 миллион доллар өлчөмүндөгү каражатынын негизинде ишке ашырылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.