super.kg logo

26-апрелде Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт (тизме)

 

Бишкекте 26-апрель күнү айрым райондордо таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

"Бишкек суу канал” ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына караганда, 26-апрелде саат 9:00дөн 21:00гө чейин борбор калаанын айрым райондоруна таза суу берүү токтотулат.

Суу «Батыш» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт. Турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жана өнөр жайларга ичүүчү сууну өчүрүү зонасы:

Л.Толстой - М.Горький (Пригородное айылы) - Алыкулов - көчөлөрү менен чектелген аймакта;

Ала-Арча дарыясы, анын ичинде калктуу конуштар: Аскер шаарчасы, Кызыл-Аскер, 110-квартал, мп. «Достук».

Суу алуучу жайларда жылына эки жолу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Жазгы жана күзгү профилактикалык тейлөө жашоону камсыз кылуунун бардык системаларынын сезондук шарттарында ишке даярдоонун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: