super.kg logo

Ооганстан, Иран... Таалатбек Масадыков бир катар өлкөлөрдө жумушчу сапары менен болду

 

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков бир катар өлкөлөрдө жумушчу сапары менен болду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Ага ылайык, Масадыков ТИМдин Ооганстан боюнча атайын өкүлү, өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Авазбек Атаханов менен биргеликте Өзбекстан, Пакистан, Ооганстан, Иран жана Бириккен Араб Эмираттарында жумушчу сапар менен болду.

Сапарлардын алкагында, 7-апрелден 20-апрелге чейин аталган өлкөлөрдүн күч түзүмдөрүнүн жана башка мамлекеттик ведомстволорунун жетекчилери, ошондой эле эл аралык эксперттер менен бир катар маанилүү жолугушуулар жана консультациялар өттү.

"Сапарлардын негизги максаттарынын бири аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, Ооганстандагы кырдаалдын өнүгүшүн, Кыргыз өлкөсүнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча потенциалдуу коркунучтарга жана тобокелдиктерге байланышкан маселелерди талкуулоо болду", - деп билдиришти администрациядан.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: