Транспорт министрлиги акы төлөнүүчү унаа жолдорду атады
Чүй облусундагы айланма жол акы төлөп өтүүчү жол болот. Бул тууралуу транспорт министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев Жогорку Кеңештеги "Ишеним" фракциясынын жыйынында билдирди.
Министрдин айтымында, аталган жолдо алгач оңдоо иштери жүрөт. Ага 150 миллион доллар акча каражаты керектелет.
"Баарыңыздарга белгилүү болгондой, "Дордой" базарынын аймагында тыгын көп. Бул айланма жол убагында 10 тоннага ылайыкталып жасалган. Учурда 11 жарым тоннага ылайыкташтыруу үчүн инвестор издеп жатабыз", - деди ал.
Ал ошондой эле Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолго да акы төлөнөрүн кошумчалады.
"Учурда бул жолдун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып жатат. Май-июнь айларында тендер жүргүзүлөт", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.