super.kg logo

ИИМ: "Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын 31 жылдыгы белгиленди"

 

Бишкекте ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге ведомстволук ИИМдин медалдары тапшырылды.

ИИМдин БМЖКККнын начальниги Уланбек Султанов өздүк курамды кесиптик майрамы, кызматтын түзүлгөн күнү менен куттуктады.

"Урматтуу кесиптештер, баңгилик кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жарандардын кызыкчылыктарын коргоо жана алардын ден соолугуна кам көрүүдө сиздердин эмгегиңиздерди, олуттуу салымыңыздарды баалабай коюуга болбойт.

Элибизге саламаттык тилейм, мамлекетибиздин, айрыкча өсүп келе жаткан муундун келечеги ИИМдин БМЖКККнын ар бир кызматкеринин ишинин натыйжалуулугуна көз каранды деп ишенимдүү айта алам! Ошондой эле биздин кызматтын калыптанышына жана өнүгүшүнө ардагерлердин кошкон салымын ар дайым эстен чыгарбоо абзел", - деди Султанов.

Белгилей кетсек, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы (БМЖККК) мурда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалык (ГБНОН) катары 1991-жылдын 22-апрелинде республиканын кылмыш-иликтөө башкармалыгынын атайын адистештирилген бөлүмү катары түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: