super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров: "Өлкөгө 26-майда Казакстандын, Өзбекстандын президенттери келет"

 

Буга чейин президент Садыр Жапаров Азербайжанга кетердин алдында иш сапардан келгенден кийин маек берерин айткан. Өлкө башчы кеңири маекти "Кабар" маалымат агенттигине берди.

Анда журналист өлкө башчыдан: "Жаңы Ак Үй куруш керек дегендер аргумент катары “чет элдик меймандарга уят болбойлу” дешти. Бирок акыркы убакта чет мамлекеттерден жогорку даражалуу кыйраткан деле меймандар келе элек го?" деп сурады.

"Чакырсаң баары эле келет. Аларды тосконго шартың начар болсо, кантип чакырасың. Былтыр Ысык-Көлдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммити өттү. Дагы жакшы жанталашып үч айда резиденциянын ичине конгресс-хол сала калдык. Ошол абийирибизди жапты. Болбосо буга чейин чоң жыйын өткөрүүчү тыңгылыктуу залыбыз жок экен да. Быйыл эми президенттер келе башташат. 26-май күнү түшкө чейин Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев расмий сапар менен келет. Түштөн кийин Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзийоев расмий сапары менен келет. 27-майда ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн президенттеринин баары келишет. Ар нерсенин өз убагы келет. “Эч бир президент келбеди” деп сайрагандар сабыр кылып турушсун. Баары келет", - деп жооп берди президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: