super.kg logo

Дүйнөдө коргонууга кеткен чыгым 2 триллион доллардан ашты

 

Былтыр дүйнө жүзүндө коргонууга кеткен чыгым биринчи жолу тарыхта 2 триллион доллардан ашты. Стокгольмдогу тынчтыкты изилдөө институту (SIPRI) 25-апрелде жарык көргөн докладында 2020-жыл менен салыштырганда коргоо тармагына кеткен каражат 0,7 пайыз өскөнүн белгиледи. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, АКШнын бул чөйрөдөгү чыгымы жалпы дүйнөлүк көрсөткүчтүн 38 пайызын түздү. Андан кийинки орунда Кытай, Индия, Британия турат.

SIPRI'нин маалыматына караганда, Иран 2021-жылы аскердик тармакка кеткен каражатын 11 пайыз көбөйтүп, 14-сапка жайгашты.

Орусия коргонууга эң көп каражат жумшаган өлкөлөрдүн бештигине кирди. Москва былтыр бул жааттагы чыгымын 2,9% көбөйтүп, жалпы сан 65,9 миллиард долларды түздү. Бул ички дүң өнүмдүн 4,1% барабар. Каражаттын көбөйүшү Орусиянын Украинага басып кирүүгө даярдык көрүп жаткан маалга туш келет.

Ал эми Украинада өткөн жылы коргоо тармагына кеткен каражат тескерисинче азайып, 5,9 миллиард долларга жеткен. Бул сан ички дүң өнүмдүн 3,2% түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: