Түндө Бишкекте Мерседес жаш кызды сүзүп кеткен жол кырсыгынын чоо-жайы
Түндө Бишкекте Мерседес үлгүсүндөгү унаа жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн кызды сүзүп кеткендиги боюнча видео тараган. Ал видео боюнча милициянын кайгуул кызматы билдирүү таратты.
Ага ылайык, 26-апрель күнү болжол менен саат 23:00 чамасында 1995-жылы туулган М.Ф. аттуу айдоочу Мерседес-Бенц унаасы менен Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн түштүк багытка бара жатып, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан 2002-жылы туулган Т.А аттуу кызды сүзүп алган.
"Жөө жүргүнчү ооруканага жеткирилди. Унаа айып короосуна токтотулуп, учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда", - деп айтылат маалыматта.
Түндө Бишкекте кыз кишини унаа сүзүп кетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
-3

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.