Жалал-Абадда 10 жылдык шаан-шөкөттөн баш тарткан жаштар айылдашынын боорун алмаштырууга көмөктөшүштү

Жалал-Абадда мектептин бүтүрүүчүлөрү 10 жылдык шаан-шөкөттөн баш тартып, айылдашынын боорун алмаштырууга көмөктөшүштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына айыл тургундары билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Шайдан айыл өкмөтүнүн Тоскоол айылындагы №5 Назир Токторбаев атындагы орто мектебин 2012-жылы бүтүргөн окуучулары 10 жылдык мааракени өткөрүүдөн баш тартышты.
Алар ысырапкорчулукка каршы экендигин билдиришип, жакында Индия мамлекетинде боорун алмаштырууга бара турган айылдашына көмөк көрсөтүштү.
Алар башка маараке өткөрөм деген жаштарды да ысырапкорчулукка жол бербей, ошол акчаны соопчулукка жумшоого чакырышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
10

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.