Акылбек Жапаров ооруканага жаткырылды. Диагнозу айтылды
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 28-апрелде эртең менен М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк оорусу жана кан басымынын төмөндөшүнө байланыштуу келип түштү. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Өткөрүлгөн электрокардиография жана коронарография процедуралары инфаркт миокардды тастыктаган жок, бирок жүрөк-кан тамыр спазмасы аныкталган.
Учурда министрлер кабинетинин башчысынын абалы туруктуу, канааттандырарлык.
Дарыгерлердин консилиумунда Акылбек Жапаровдун ден соолугун ооруканада жатуу шартында калыбына келтирүү чечими кабыл алынды", - дешет маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.