super.kg logo

Айпери Медет кызынын унаасын эвакуатор жүктөп кеткени айтылды. Кайгуул кызматы эмне дейт?

 

Азия чемпиону Айпери Медет кызы маалымат жыйынга катышуу үчүн кирип кеткенде анын унаасын эвакуатор жүктөп кетти. Бул тууралуу журналист Тынчтык Алтымышев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматына байланышканыбызда ал жерде токтотулган унаалар “Ак-Жолтой” унаа токтотуучу жайына жеткирилерин белгиледи.

"Ал жерде токтоого болбойт деген жол белгиси бар. Ошол жерде туура эмес токтоп турган унаалар ээси жок болсо, кайгуул кызматкерлери эвакуатор менен жүктөп кетет. Ал унаалар “Ак-Жолтой” убактылуу токтотуучу айып короо жайына түшүрүлүп токтотулат.

Бул спортчу кызыбыз унаасы болсо, анда “Ак-Жолтой” унаа токтотуучу жайынан тийиштүү айып пулун төлөп алып кетсе болот.

Албетте, биз спортчуларыбызды сыйлайбыз. Бирок мыйзам алдында баарыбыз бирдей экендигибизди эскертебиз", - деп билдирди SUPER.KG порталына милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматкери Байгазы Айтикул уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: