Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына карата уюштурулган “Ак кеме” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылат
Бүгүн, 28-ноябрь күнү саат 15:00дө Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде Чыңгыз
Айтматовдун 85 жылдыгына карата уюштурулган “Ак кеме” аталыштагы сүрөт тартуу
сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылат. Бул тууралуу уюштуруучулар
тобунун өкүлдөрү кабарлашты.
Автор: Темирбек Матаев
Уюштуруучулардын
айтымында, “Ак кеме” сынагынын максаты жаштарды Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын
окууга, мекенге болгон сүйүүсүн арттырууга, сүрөт тартуу өнөрүн студенттер
арасында өркүндөтүүгө жана таланттуу сүрөтчүлөрдү табууга
багытталат.
Кошумчалай
кетсек, аталган сынакка С.Чуйков атындагы сүрөтчүлөр окуу жайынын, Т.Садыков
атындагы Көркөм академиянын жана Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура
университетинин студенттери катышып, ар кайсы жанрдагы сүрөттөрүн сынакка
жарыялашкан. Жеңүүчүлөрдү тандоодо атайын түзүлгөн калыстар тобу иш алпарган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.