super.kg logo

Жакынкы мезгилде ички авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт

 

Жакынкы мезгилде ички авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жарандык авиацияны өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ата мекендик авиакомпаниялардын өкүлдөрү катышты. Анын жүрүшүндө транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев жарандык авиация тармагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментинин директору Александр Настаев ички каттамдардын санын көбөйтүү максатында кичи авиацияны өнүктүрүү, ошондой эле жарандык авиация тармагында кадрларды даярдоо зарылдыгын белгиледи.

Бакыт Төрөбаев министрликтин алдына ички каттамдардын санын көбөйтүү, тиешелүү кадрларды даярдоо жана ички аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу максатында кичи авиацияны өнүктүрүү жаатында мамлекеттик программаны кабыл алуу боюнча чечимдин долбоорун даярдоо милдетин койду.

Белгиленгендей, жакынкы аралыкта ички авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт.

Ошондой эле ал ведомствого ата мекендик авиакомпанияларды Евробиримдиктин өлкөлөрүнө учууга тыюу салынган авиакомпаниялардын тизмесинен чыгаруу боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: