super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 29-апрель: Бишкек шаарына 144 жыл толду

 

Бүгүн, 29-апрель Бишкек шаарынын туулган күнү. Бул күнү борбор калаабызга 144 жыл толду.

Бишкек шаары Кыргыз өлкөсүнүн саясий, экономикалык, илимий жана маданий борбору, транспорттук башкы түйүн. Аянты 16,0 миң гектар. Калкы 1 миллион 88 миң 900 (2021-жылга карата).

Бишкек шаарынын 4 администрациялык-аймактык бөлүнүшү:

  • Биринчи Май району;
  • Ленин району;
  • Октябрь району;
  • Свердлов району.

Чоң Арык шаарчасы жана Орто-Сай айылы бар.

Тарыхы

VII кылымдан баштап Бишкек калаасы Жул шаарчасы катары таанымал болчу. 1825-жылы Чүй өрөөнүндөгү Пишпек аттуу калаа эң ири аскерканасы (гарнизон) менен кошо курулган.

1926-жылы кеңештик (советтик) аскер башчы Михаил Фрунзенин аты коюлуп Фрунзеге өзгөртүлгөн.

1936-жылдан баштап Фрунзе шаары - Кыргыз КСРдин борбордук калаасы. 1991-жылдын апрелинде ССРдин Жогорку Совети Фрунзе шаарынын аталышын өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алган. Шаар аты кайрадан Бишкекке өзгөртүлгөн.

Илим жана билим берүү Улуттук илимдер академиясы жана көп сандаган орто жана жогорку окуу жайлар тарабынан жүргүзүлөт. Шаарда 18 университет, 20 институт, 9 академия бар.

Бишкек – Кыргыз өлкөсүнүн улуттук маданиятынын борбору. Анда музыкалык жана драмалык театрлар, филармония, китепканалар, музейлер жайгашкан. Шаар жылдын бардык мезгилинде эң сонун болуп турат.

Бишкек Кыргыз өлкөсүнүн эл аралык туризм борбору болуу менен туристтерге көптөгөн ажайып жайларды тартуулай алат. Калаа конокторунун жана туристтеринин эс алуучу, сейилдөөчү эң башкы жана сүйүктүү жайы – бул Бишкектин борбору болуп саналат. Бул жерде музейлердин, галереялардын, дүкөндөрдүн, сейил бактардын, гүл бакчалардын, аянттардын, ресторандардын жана кафелердин көпчүлүгү орун алган.


Шаар аркылуу Ала-Арча, Аламүдүн суулары жана Чоң Чүй Каналы (ЧЧК) агып өтөт.

29-апрелдин жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: