super.kg logo

Бишкекте 4-класстын окуучусун сабаган кызга комиссия кандай чараларды кабыл алды?

 

Бишкекте буга чейин 4-класстын окуучусу сабалып, №3 балдар ооруканасына түшкөн. Кийинчерээк ал 11 жаштагы Ч.А. тарабынан ур-токмокко алынганы милиция кызматкерлери тарабынан маалым болгон. Ошондой эле сабаган кыздын апасына 1000 сом өлчөмүндө айып салынган.

Окуя боюнча чогултулган материалдардын көчүрмөсү Октябрь райондук балдар менен иштөө комиссиясына жөнөтүлгөн. Октябрь РИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, комиссия жогорудагы окуя боюнча бир катар чечимдерди кабыл алды.

Ага ылайык, 11 жаштагы Ч.А. 6 айлык мөөнөткө профилактикадан өтүү үчүн каттоого алынды. Мындан тышкары эки аптага онлайн окутууга которулуп, үй-бүлө менен жекече иштөө программасы түзүлдү.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу курагы) негизинде 16 жаштан жогорку курактагы адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: