Дамира Ниязалиева: “Кыргызстан ВИЧ эң тез жайылган 25 өлкөнүн катарында”
“Кыргызстан ВИЧ эң тез жайылып жаткан 25 өлкөнүн катарында”,- деди парламенттин 28-ноябрдагы жыйынында депутат Дамира Ниязалиева. Айтымында, өлкөдө ВИЧ, СПИД жаатындагы абал өтө оор. “Дартка чалдыккандардын расмий саны 5 миңдей. Бирок реалдуу көрсөткүч мындан 3-4 эсеге көп. ВИЧ жуктургандардын 57 пайызы баңгизат колдонгондор жана акыркы жылдары жыныстык катнаш аркылуу жугузуп алгандар көбөйдү. Мунун ичинде энелер да бар”,- деди Ниязалиева.
Депутат 100дөй эне ымыркайына ВИЧ жугузганы белгилүү болгонун кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

