super.kg logo

Тажикстан менен Кыргызстандын жарандары чогуу ооз ачышты (фото)

 

Баткен облусунун Лейлек районунун чек аралаш айылдарынын тургундары менен Тажикстандын Гафуров районунун тургундары менен биргеликте ооз ачарга чогулушту. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, эки тараптын жашоочулары демилгелеген ооз ачарга Лейлек жана Гафуров райондорунун акимдери менен бирге күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышып, жалпысынан 100гө жакын жаран чогулган.

Ушундай эле иш-чара Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара районунун тургундарынын, эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда да өткөрүлгөн.

"Эки элдин ынтымагын бекемдөө максатында уюштурулган иш-чарада коңшу кыргыз-тажик айылдарынын тургундары орозо айында Жараткандан жакшылыкты, биримдикти жана тынчтыкты тилеп бата кылышты. Ошону менен бирге жаштарды да ынтымакка чакырып, биримдикте жашоо керектигин билдиришти", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: