super.kg logo

"Мен жол эрежесин бузбайм". Айпери Медет кызы эвакуатор жүктөп кеткен унаа аныкы эмес экенин айтты

 

Бишкектин борборунда эвакуатор жүктөп кеткен унаа балбан Айпери Медет кызыныкы эмес. Бул тууралуу Азия чемпиону өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Өлкөнүн маалымат каражаттарында кечээтен бери туура эмес маалымат жүрүп жатат! Милициянын кайгуул кызматы Мээрим Жуманазарова экөөбүздүн унаабызды алмаштырып алыптыр. Мен жол эрежесин бузбайм, силерге дагы кеңеш берем", - деп жазды Айпери Медет кызы.

Кечээ, 28-апрелде социалдык тармактын колдонуучулары Айпери Медет кызы маалымат жыйынга кирип кеткенде анын унаасын эвакуатор жүктөп кеткенин жазышкан. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматына байланышканыбызда, эгерде эвакуатор жүктөп кеткен унаа балбан кызга таандык болсо, "Ак-Жолтой" убактылуу токтотуучу айып короо жайынан алып кетсе болорун билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: