Түндүк-Түштүк альтернативдик жолундагы тоннель жана эстакадалык көпүрөлөргө акы төлөнөт
Түндүк-Түштүк альтернативдик жолундагы тоннель жана эстакадалык көпүрөлөргө акы төлөнөт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, азырынча жол акынын конкреттүү эсептөөлөрү жок. Анткени аталган жол боюнча каттамдын ачылышына дагы 1 жарым, 2 жылдай убакыт бар.
"Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу насыя каражаты жана өкмөттүн кепилдиги менен курулуп жатат. Келечекте жол акысы кандай механизм менен жүргүзүлөрү чечилет. Тарифтер социалдык багытта болот", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле тендердик процесстер өткөрүлөрү жана тиешелүү келишимдер түзүлөрү айтылат.
Белгилей кетсек, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун узундугу 433 чакырым, ал эми тоннелдин узундугу 3890 метрди түзөт. Мындан тышкары аталган жолдо эстакадалык көпүрөлөр бар.


