Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн унаа токтотуучу жайынын тосулушу: Мэрия тосмолорду демонтаждады (фото)





Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн унаа токтотуучу жерлерин өзүм билемдик менен тосулган тосмолор демонтаждалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мэриянын алдындагы муниципалдык инспекциядан билдиришти.
"Көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча инспекциясы "Тазалыктын" кызматкерлери менен биргеликте орнотулган тосмолорду демонтаждады", - деп билдиришти аталган инспекциядан.
Буга чейин SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын жашоочусу кайрылып, Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндөгү №65 үйдүн жашоочулары бир нече унаа токтотуучу жайды өзүм билемдик менен тосуп алгандыгын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.